Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Жогорку Кеңештин кийинки жумада өзүн-өзү таркатуу ыктымалдуулугу 99,7 пайызды түзөт. Бул тууралуу парламент депутаты Дастан Бекешев билдирди. Анын айтымында, учурда көпчүлүк шайлоого даярданып жатат. "Бул ирет шайлоо өнөктүгү кыскартылган режимде өтүп, болгону 20 күндү түзөт", — деди Бекешев. Демилгечи топко кирген депутат Акбөкөн Таштанбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине тароо боюнча демилге көтөрүүгө жетиштүү кол топтолгонун тастыктады. Анын айтымында, Жогорку Кеңеш 25-сентябрга чейин тарап, шайлоо 30-ноябрга белгилениши керек. Ал эми парламенттин өзүн-өзү таркатуу демилгеси тиешелүү комитетке 22-сентябрга чейин кириши кажет. Таштанбеков маселе Жогорку Кеңеште колдоо табышы үчүн депутаттардын үчтөн эки бөлүгүнүн, башкача айтканда, 60тан ашыгынын добушу зарыл экенине токтолду.
15-сентябрда Кыргызстандын Улуттук банкы ички валюта рыногуна жалпысынан 81,5 млн доллар сатты. Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматы боюнча, бул сумманын 53 млн доллары бүтүм түзүлгөн күнгө карата эсептешүү менен, ал эми 28,5 млн доллары башка күнгө карата эсептешүү менен сатылган. Бул 2025-жылдын башынан бери жөнгө салуучу органдын төртүнчү валюталык интервенциясы. Буга чейин Улуттук банк улуттук валютанын курсун турукташтыруу максатында бир нече жолу доллар саткан.
Алматы менен Каракол шаарларынын ортосунда Санташ ашуусу аркылуу жаңы аба каттамы ачылат. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, тиешелүү келишимге “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасы менен “Казаэронавигация” ишканасы кол койду. Каттам Эл аралык жарандык авиация уюмунун заманбап талаптарын жана RNAV-5 навигациялык спецификациясын эске алуу менен иштелип чыккан. Бул тоолуу шарттарда учуулардын коопсуздугун жана натыйжалуулугун камсыз кылат. Жаңы трасса 1970-жылдары эле болгон тарыхый багытты кайра жандандырат жана “Каркыра-автожол” чек ара бекетинин жанынан өтөт. Ишке киргизүүнүн алдында Beechcraft King Air 360 учагында биргелешкен жер үстүндөгү текшерүү жана учуу валидациясы жүргүзүлүп, каттамдын эл аралык стандарттарга шайкештиги тастыкталды. Агенттиктен белгилешкендей, транспорттук маанисинен тышкары, каттам туризмдин өнүгүшүнө түрткү берүүгө багытталган: жай мезгилинде Ысык-Көл аймагына жана тоолуу райондорго саякаттоого, ал эми кышында Караколдун тоо-лыжа базаларына жетүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле жаңы каттам аймактык авиациялык инфраструктуранын маанилүү элементи жана эки өлкөнүн кызматташтыгы үчүн кошумча түрткү болот.
Кыргызстандык балбан Бекзат Алмаз уулу Хорватияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында 57 килограмм салмак категориясында күмүш медаль тагынды. Эркин күрөш боюнча мелдештин финалына чейин кыргыз балбаны канадалык Гаретт Аустин Саундерсти, япон балбаны Рин Сакамотону, македониялык Владимир Егоровду жана өзбекстандык Гуломжон Абдуллаевди жеңген. Чечүүчү таймашта кыргыз балбаны Түндүк Кореядан келген учурдагы Азия чемпиону Чонг Сонг Хан менен күч сынашып, 9:12 эсебинде утулуп калды. Бул медаль Кыргызстан үчүн аталган дүйнө чемпионатындагы экинчи ийгилик болду. Бир күн мурда 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев коло медаль тагынган.