БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдө өнөр жай менчигинин объектилери жөнүндө маалымат издөө үчүн атайын сервис ишке кирет. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынан билдиришти.
Аталган комиссиянын кеңешинин 12-сентябрдагы отурумунда корголуучу өнөр жай менчигинин объектилери жөнүндө маалымат издөө сервисин түзүү боюнча макулдашуунун долбоору жактырылып, зарыл процедуралардан өтүп жана кол коюу үчүн биримдикке мүчө мамлекеттерге жиберилген.
Жаңы сервис уюмдун аймагында корголгон товардык жана тейлөө белгилери, географиялык көрсөткүчтөр жана товардын чыгарылган жери сыяктуу жалпы маалыматтарды камтыйт.
Мындай демилгенин негизги максаты — автордук укук ээлерине, бизнеске, патенттик ишенимдүү өкүлдөргө жана мамлекеттик органдарга ыңгайлуу болуш үчүн бардык маалыматты бир базадан алууга шарт түзүү.
"Сервис жөн гана техникалык чечим эмес, бул бүткүл уюмдун аймагында инновацияларды жана ак ниет атаандаштыкты коргоого тикелей салым кошуу болуп саналат. Товардык белгинин же товар чыккан жердин аталышын, анын уникалдуулугун текшерүүдө убакытты жана каржылык чыгымдарды кыйла кыскартууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо чараларын жакшыртат", — деген ЕЭКтин экономика жана финансы саясаты боюнча министри Бакыт Султанов.
Маалыматтык ресурс бардык кызыкдар колдонуучуларга акысыз негизде жеткиликтүү болот.