Электромобилдердин алдыңкы айнектерин караңгылатуу үчүн жыйым арзандады

Sputnik
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Электромобилдердин алдыңкы эшиктеринин айнектерин караңгылатуу үчүн жыйым арзандады. Тиешелүү токтомду мининстрлер кабинети кабыл алды.
Төлөмдөр төмөнкүдөй:
жеке жактар үчүн 50 миңден 30 миң сомго түштү;
юридикалык жактардыкы 70 миңден 50 миң сомго арзандады;
резидент эмес айдоочулар үчүн 90 миңден 70 миң сомго төмөндөдү.
Уруксат берүү жана жыйымдарды чогултуу милдети “Унаа” мекемесинен Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо агенттигине жүктөлөт.
Кыргызстанда популярдуу электромобилдер канча турат? Инфографика