БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Венгрия газ менен электр энергиясын берүүнү токтотуп, Украинаны бир күндө эле талкалап салышы мүмкүн болчу, бирок ага кызыкдар эмес. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Виктор Орбан билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биз Украинаны бир эле күндө кыйратып кое алабыз. Бир эле күн жетмек. Бирок бул биздин кызыкчылыкка туура келбейт. Украина Венгриядан электр энергиясы менен газдын бир топ бөлүгүн алат. Эгерде авария болуп, бир нече мамы кулап же бир-эки зым үзүлүп кетсе эле Украинада жашоо токтойт. Украиндер азыркы текебер мамилесине карабастан бизден көз каранды", — деген Орбан Patriota интернет-порталынын YouTube каналына жарыяланган маегинде.
Венгер премьеринин айтымында, Киев Будапешттин Украинанын коопсуздугуна доо кетирүүгө кызыкдар эмес экенин түшүнөт. Анткени чектеш жайгашкан өлкөнүн талкаланышы Венгриянын өзүнүн коопсуздугуна коркунуч жаратат. Анын ичинде террордук тобокелдиктин өсүшү жана Закарпатьедеги венгер улуттук азчылыгынын жашоосунун начарлашы дагы бар.
"Мындан улам алар бизге ушундай орой мамиле жасап жатышат. Бирок кайсы бир деңгээлде тагдыры биздин колдо. Венгрия Украинанын Евробиримдикке мүчөлүгүн колдобосо дагы анын башаламандыкка кептелишине кызыкдар эмес. Бизге туруктуу Украина керек", — деп белгилеген Орбан.
Ал ошондой эле Украина менен бир биримдикте болуу Венгрияга пайда алып келбей турганын, аны ЕБге дагы, НАТОго дагы киргизбөө керектигин айткан. Буга өлкөлөр ортосундагы Венгрияга зыян боло турган маселелер себеп экени белгиленген.
Szazadveg фондунун саясий талдоочусу Золтан Киселли РИА Новостиге буга чейин билдиргендей, Венгрия Закарпатьедеги венгрлерге көрсөтүлчү кысымдан улам Украинага энергия берүүнү токтото албайт. Бирок эл аралык аянтчаларда Украинанын мажбурлап мобилизациялоо практикасын айыптоону улантат.