БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Түркиянын Болу провинциясындагы Карталкая курортунда чыккан өрттөн каза болгондордун саны 76 кишиге жетти. Бул тууралуу өлкө ИИМине таянуу менен РИА Новости жазды.
Кырсык өткөн түнү болгон. Эс алуучулардын көбү бири-бирине уланып байланган шейшептерди кармап түшүүгө аракет кылышкан, айрымдары терезеден секиришкен. Жалпы жонунан 51 киши жабыркаганы айтылды.
Ekol TV телеканалынын маалыматы боюнча, 1974-жылы курулган мейманкананын сырты жыгач болгондуктан жалын бат тутанып кеткен. Имаратта түтүн чыкканы боюнча белги берген датчиктер, өрт өчүргүчтөр болгон эмес.
Тергөөнүн алкагында тогуз адам, анын ичинде мейманкананын ээси кармалганы кабарланууда.
Өлкөдө аза күтүү жарыяланды.
Ал арада Кыргызстандын ТИМи өрттөн каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирди. Кечээ өлкө башчы Садыр Жапаров каргаша байланыштуу Түркиянын президенти Эрдоганга көңүл айткан.