Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ: Киев тынчтык үчүн аймактарынан баш тартар-тартпасын өз алдынча чечиши керек

Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Украина аймактары боюнча позициясын өз алдынча аныкташы керек. Бул тууралуу АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан CNN телеканалына маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
"Менимче, Украина өзүнүн тагдырын өзү чечиши керек, ал нерсе тыш жактан, анын ичинде АКШ тарабынан да таңууланбашы кажет", — деди саясатчы.
Салливан Владимир Зеленский согуш отун сүйлөшүүлөр жолу менен токтотуу тууралуу ачык эле билдиргенин кошумчалаган. Анын айтымында, Вашингтон Украина жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдүн форматын активдүү талкуулап келет.
"Бул жылга Украинаны сүйлөшүүлөргө камдап, позициясын күчөтүү, ошону менен тиешелүү жыйынтыкка келүү максаты коюлган", — деди президенттин кеңешчиси.
Салливан өлкөнүн аймактары, коопсуздук сыяктуу маселелер Зеленскийдин компетенциясында калышы керектигин, "мамлекет акыры аныкы" экенин белгилеген.
Муну менен бирге АКШ президентинин кеңешчиси Америка Украинага өзөктүк курал жөнөтүү боюнча кеп жок экенин билдирди. Анын айтымында, Вашингтон Киевге коргонуп жана Россияга каршы согуштук аракеттерди жүргүзүү үчүн кадимки курал-жарак берип жатканын, өзөктүк курал тууралуу маселе күн тартибинде жок экенин кошумчалады.
Эскерте кетсек, буга чейин New York Times СССР кыйрагандан кийин Украинага берилген өзөктүк куралды кайтаруу "тизгиндеп туруучу фактор" болмоктугун, бирок аны ишке ашыруу өтө татаал экенин жазып чыккан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш Украинадагы жаңжалды токтотуунун үч кадамын атады