БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Сириянын авиациясы Алеппо — Дамаск трассасында согушкерлердин сооттолгон колоннасына сокку уруп, чабуулун ыргактан чыгарды. Бул тууралуу РИА Новости Сириянын күч түзүмдөрүнө таянып жазды.
"Сириянын учактары М-5 жолунда чабуул жасоону пландап жаткан террорчулардын ок өтпөс колоннасына бир нече жолу чабуул жасап, техникаларын жок кылышты", — деп айтылат маалыматта.
Мекеменин колуна тийген видеодо колоннанын талкаланганы көрсөтүлгөн.
Сириядагы согушуп жаткан тараптарды элдештирүү боюнча россиялык борбордун жетекчисинин орун басары, биринчи даражадагы капитан Олег Игнасюктун маалыматында, Сирия армиясы акыркы суткада Алеппо жана Идлибде кеминде 300 согушкерди жок кылган.
Шаршемби күнү, 27-ноябрда, "Хайят Тахрир аш-Шамга"* таандык топтор деэскалация келишимин бузуп, Алеппо жана Идлиб провинцияларына чабуул коюшкан. Фронтто алар кыштактарга, калк жайгашкан аймактарга жана аскер позицияларына чабуул коюшкан.
Чабуулга Сирия армиясы жооп кайтарып, натыйжада террорчулар кишилерин жана техникасын жоготууга дуушар болгон.
Сирияда куралдуу кагылышуу 2011-жылдан бери уланып келет. Армия өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүн бошоткондон кийин террорчулардын чачыранды топтору түндүк жана түндүк-чыгыштагы чөлдүү аймактарда "аракетин" улантып келет.
Согушкерлер маал-маалы менен трассаларда жарандык жана аскерий автоунааларды токтотуп, алыскы айылдардын тургундарын коркутуп келишет. Сирия армиясы мындай топторду жок кылуу үчүн операцияларды улантууда.
* Россияда тыюу салынган террордук уюм