https://sputnik.kg/20241130/siriya-aleppo-sogush-terrorist-top-kural-1090521916.html
ЖМК: Сирияда террорчулар Алеппонун батыш аймагынын 40%ын басып алды
ЖМК: Сирияда террорчулар Алеппонун батыш аймагынын 40%ын басып алды
Sputnik Кыргызстан
Россиянын Аба-космостук күчтөрү Сириянын өкмөттүк күчтөрү менен биргеликте Алеппо жана Идлибдеги аймактарга чабуулдардын мизин кайтарууну улантууда. 30.11.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-11-30T14:11+0600
2024-11-30T14:11+0600
2024-11-30T16:36+0600
дүйнөдө
сирия
алеппо
согуш
террористтер
топ
курал
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/1e/1090525314_0:161:3071:1888_1920x0_80_0_0_cf36ff1a9325dc92f4ef61bc4f957da0.jpg
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Башында "Хайят Тахрир аш-Шам"* турган террордук топтор Сириядагы чоңдугу боюнча экинчи орундагы Алеппо шаарынын батыш райондорундагы 40 пайыздан ашык аймагын көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Al Mayadeen телеканалы маалымдаганын РИА Новости жазды.Жакында эле "Аль-Ватан" гезити Telegram-каналына сириялык аскердин видеосун жарыялаган. Анда ал Сириянын аскерлери Алеппонун батыш бөлүгүндө болушарын, бир нече аймакка террордук топтор кирип келишкенин айткан. Ага чейин соцтармактарга сириялык аскерлердин Алеппонун айрым райондорунан артка чегингендиги, шаарга террорчулар бастырып киргендиги тууралуу маалыматтар тараган эле.Шаршембиде "Хайят Тахрир аш-Шамга"* кирген топтор деэскалация жөнүндөгү келишимдерди бузуп, Алеппо менен Идлибдеги провинцияларга кол салышкан. Алар кыштактарга, эл жашаган аймактарга жана аскердик базаларга сокку урушкан.Сирия армиясы кол салууга жооп берип, Алеппо шаарынын батыш тарабындагы согушкерлердин линияларына, Идлибдеги террористтердин топтолгон жерине чабуул койгон.Сирияда согушуп жаткан тараптарды элдештирүү боюнча борбордун жетекчисинин орун басары Олег Игнасюк террорчулардын чабуулунан улам абал курчуп жатканын билдирген. Россиянын Аба-космостук күчтөрү Сириянын өкмөттүк куралдуу күчтөрү менен биргеликте Алеппо жана Идлибдеги аймактарга чабуулдардын мизин кайтаруу операцияларын улантууда. Бир суткада 200дөн кем эмес согушкер жок кылынган.* Россияда тыюу салынган террордук уюм
https://sputnik.kg/20240603/izrail-siriya-aleppo-kol-saluu-1085734008.html
сирия
алеппо
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/1e/1090525314_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_115338cc1e216d160765f3a782e2e583.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, сирия, алеппо, согуш, террористтер, топ, курал
дүйнөдө, сирия, алеппо, согуш, террористтер, топ, курал
ЖМК: Сирияда террорчулар Алеппонун батыш аймагынын 40%ын басып алды
14:11 30.11.2024 (Жаңыртылды: 16:36 30.11.2024) Россиянын Аба-космостук күчтөрү Сириянын өкмөттүк күчтөрү менен биргеликте Алеппо жана Идлибдеги аймактарга чабуулдардын мизин кайтарууну улантууда.
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Башында "Хайят Тахрир аш-Шам"* турган террордук топтор Сириядагы чоңдугу боюнча экинчи орундагы Алеппо шаарынын батыш райондорундагы 40 пайыздан ашык аймагын көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Al Mayadeen телеканалы маалымдаганын
РИА Новости жазды.
"Куралчан топтор Сириянын түндүгүндөгү Алеппо шаарынын батыш райондорундагы 40 пайыздан ашык аймагын көзөмөлдөөдө", — деп айтылат маалыматта.
Жакында эле "Аль-Ватан" гезити Telegram-каналына сириялык аскердин видеосун жарыялаган. Анда ал Сириянын аскерлери Алеппонун батыш бөлүгүндө болушарын, бир нече аймакка террордук топтор кирип келишкенин айткан. Ага чейин соцтармактарга сириялык аскерлердин Алеппонун айрым райондорунан артка чегингендиги, шаарга террорчулар бастырып киргендиги тууралуу маалыматтар тараган эле.
Шаршембиде "Хайят Тахрир аш-Шамга"* кирген топтор деэскалация жөнүндөгү келишимдерди бузуп, Алеппо менен Идлибдеги провинцияларга кол салышкан. Алар кыштактарга, эл жашаган аймактарга жана аскердик базаларга сокку урушкан.
Сирия армиясы кол салууга жооп берип, Алеппо шаарынын батыш тарабындагы согушкерлердин линияларына, Идлибдеги террористтердин топтолгон жерине чабуул койгон.
Сирияда согушуп жаткан тараптарды элдештирүү боюнча борбордун жетекчисинин орун басары Олег Игнасюк террорчулардын чабуулунан улам абал курчуп жатканын билдирген. Россиянын Аба-космостук күчтөрү Сириянын өкмөттүк куралдуу күчтөрү менен биргеликте Алеппо жана Идлибдеги аймактарга чабуулдардын мизин кайтаруу операцияларын улантууда. Бир суткада 200дөн кем эмес согушкер жок кылынган.
* Россияда тыюу салынган террордук уюм