Жогорку Кеңеште эксперименталдык түрмөлөрдү ачууга жол ачкан мыйзам долбоору үчүнчү окуудан кабыл алынды. Анда өкмөттүн стратегиясында биринчи жолу соттолгондорду кармоо үчүн эксперименттик обочолонгон участок түзүү каралып, бирок ишке ашпай калганы белгиленген. Анткени жазык-аткаруу мыйзамдарында жаза өтөөнүн эксперименталдык режимдерин киргизүүнү караган ченемдер жок экени айтылган.Мындан тышкары, соттолгон адамдын баласы жарым жетим болсо, аны менен жолугуу үчүн түрмөдөн убактылуу чыгууга уруксат берүү каралууда. Буга кошумча, билим алууну каалагандарга башка мекемеге которулууга мүмкүндүк берилери айтылган. Ошондой эле, мыйзам долбоорунда соттолгондор үчүн эмгекке тартуу шарттарын түзүү менен аларга өз алдынча киреше табууга мүмкүнчүлүк берүү каралууда.
Борбор калаада вице-мэр Азамат Кадыров Санкт-Петербургдан келген делегация менен жолукканын муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.Топту Санкт-Петербург өкмөтүнүн тышкы байланыштар боюнча комитетинин башчысынын орун басары Евгений Кассюра жетектеп келген. Негизинен эки калаанын кызматташуусун арттыруу, маданий, экономикалык жана билим берүү жаатындагы алаканы бекемдөө боюнча сүйлөшүү жүргөн. Тараптар өнөктөштүк мамиленин тарыхый маанилүүлүгүн белгилеп, активдүү диалогду калыбына келтирүү эки шаардын өнүгүшүн шарттай турганын айтышкан. Кассюра педагогикалык тажрыйбаны алмашууну арттырып, Бишкек менен Санкт-Петербургдун мектептеринин ортосунда диалог түзүүгө даяр экенин билдирди.
Ошто мыйзамсыз берилип кеткен 16,3 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды. Маалымдалгандай, шаардык соту мыйзамсыз берилген жер боюнча Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ош шаарынын жана Ош аймактар аралык башкармалыгынын доо-арызын канааттандырды. Ага ылайык, 16 млн 335 миң сомго бааланган жерди мамлекетке кайтаруу чечими чыкты. Тактап айтканда, жеке менчикке өтүп кеткен Курманжан-Датка көчөсүндөгү шаардык оорукананын аймагында жайгашкан мурдагы терапиялык бөлүмдүн имаратын жана алдындагы 726 чарчы метр жер тилкеси Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кайтарылды.
Бүгүн Борбор Азиядагы эң чоң китепканалардын бири болгон Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын 90 жылдыгы белгиленүүдө. Мааракелик иш-чаранын алкагында "Улуттун жүзү Улуттук китепканага - 90 жыл" жана "Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүү этаптары" китеп жана иллюстрациялуу көргөзмөлөрү өтүүдө. Бир кылымга жакын тарыхы бар Улуттук китепкананын өлкөдөгү илим-билимдин, маданияттын жана коомдук турмуштун өнүгүүсүнө кошкон салымы эбегейсиз. Жаңы технологиялар өнүккөн азыркы заманда да бул мекеменин эшигин аттагандардын саны үзүлбөйт.
АКШ Украина жаңжалына аралашканынын кесепетин тартып, андан сестенгидей болот, Россия акыры буга жетет. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков айтканын РИА Новости жазды. "Америкалык саясатчылар курал-жарагынын кайда качан колдонулары, каражаттарынын кайсы аралыкка атылары тууралуу сүйлөп жатышат. Ушунусу менен аталган тирешүүнүн катышуучусу болуп жатканын тастыкташууда. Алар муну так түшүнүшү керек", — деди дипломат. Анын айтымында, буга чейин мындай жагдай Вашингтонду кооптондуруп турар эле.