БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет алдыдагы жумада өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, көпчүлүк аймактарда жуманын ортосуна чейин жаан-чачын, кар жаайт.
Бишкекте 12-ноябрда жамгыр, ал эми 13-14-15-ноябрда жаан, кар жаашы мүмкүн.
Чүй
10-11-16-ноябрда жаан-чачын болбойт. Ошондой эле 10-ноябрда айрым жерлерде туман түшөт. Калган күндөрү айрым жерлерге жамгыр жаап, тоолуу райондордо кар түшүшү күтүлөт.
Талас
Аймакта 10-12-ноябрда жаан-чачын болбойт. 10-ноябрда айрым жерлерге туман түшөт. 13-14-ноябрда жаан, тоолуу райондорго кар жаайт. Жуманын этегинде күн кайра ачылат.
Ош, Жалал-Абад, Баткен
Түштүк аймактарында 10-12-16-ноябрда жаан-чачын болбойт. Баткенде 15-ноябрда дагы күн ачык турат. 10-ноябрда айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Жуманын ортосуна чейин региондордо жаан-чачын жаап, кар түшө турганы айтылды.
Ысык-Көл, Нарын
Түндүк аймактарда жуманын башы, тагыраагы, 10-12-ноябрда гана күн ачык болот. Калган күндөрү күн сууктап, кар түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот.