Ишкерлик жөн эле акча алып келбей элге пайдасын тийгизиши керек, дейт бүгүнкү каарманыбыз. Автандил Апитаев өлкөдөгү церебралдык параличке кабылган балдарды, инсульт же нерв ооруларынан кийин ар кандай себептер менен басуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган адамдарды калыбына келтире турган ортопедиялык жабдуу чыгаруучу алгачкы цехтин ээси. Ал ошондой эле аталган жабдуулардын автору, ойлоп табуучусу. Анын колунан даярдалган жабдуулар өлкө рыногуна 3 жылдан бери чыгарылып, анын жардамы менен басып кеткен балдар да бар.
Автандил Апитаев “Стимул” программасында ишкерчиликтеги ийгилиги жана өксүктөрү тууралуу айтып берди.