Шаардык кеңештин төрагасы боло тургандар жогорку билимдүү болушу керек. Сунуш

Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Шаардык кеңештин төрагасы боло тургандар жогорку билимдүү болушу керек. Мындай талап коомдук талкууга чыгарылган мыйзам долбоорунда жазылган.
Алсак, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жана аларды шайлоо жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөр сунушталган.
Документте төмөнкүлөр камтылган:
шаардык кеңештин төрагасына талапкер жогорку билимдүү болушу керек. Бул жергиликтүү кеңештин жетекчилеринин ишинин сапатын жакшыртууга багытталган;
30 пайыздан ашык мамлекеттин үлүшү бар мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын жетекчилери шайлоо учурунда кызматын убактылуу токтотуп турат. Бул талап тең атаандаштыкты камсыздайт жана шайлоодон кийин кайра ишке кайтуу мүмкүнчүлүгүн берет;
ар бир округ боюнча саясий партиялардан талапкерлердин саны 10 кишиге көбөйөт. Бул атаандаштыкты күчөтүп, шайлоочулардын кызыгуусун арттырып, программалардын сапатын жакшыртууга шарт түзөт;
эгерде жергиликтүү кеңештин депутаты жыл ичинде эки жолудан (азыркыда төрт жолудан ашык) ашык жыйынга негизсиз катышпай калса ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулат.
БШК шайлоочулар өзүнө ыңгайлуу жерден добуш бере аларын эскертти. Чоо-жайы