Радио

Батырканов: укугун билген керектөөчүлөрдүн саны көбөйдү

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана ак ниет эмес атаандаштык бөлүмүнүн башкы адиси Эрлан Батырканов керектөөчү товарды алгандан кийин 14 күндүн ичинде баш тартып же алмаштырып алса болорун айтты.
Sputnik
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына жыл башынан бери 430 керектөөчү кайрылган. Бүгүнкү күндө 400гө жакыны каралып, 1 миллион 605 миң сом акча кайтарылды. Бул тууралуу Эрлан Батырканов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, керектөөчүлөрдүн көпчүлүгү телефон сатып алууда укугу бузулганын айтып, даттанышууда.
"Керектөөчүлөр мурдагы жылдарга салыштырмалуу активдүү. Бизге укуктарын коргоп берүүнү суранып, арыз менен кайрылгандар көбөйдү. Негизинен Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы керектөөчүнүн да, сатуучунун дагы укугун коргойт. Көбүнчө керектөөчүлөрдүн укугу бузулат. Керектөөчү товар алганда анын кайсы түрү болбосун сөзсүз тастыктоочу жана кепилдик документтерин алышы керек. Анткени бул документтер сатып алган буюмун алмаштырып же акчасын кайтарып алууга жардам берет. "Керектөөчүнүн укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзамга ылайык, керектөөчү 14 күндүн ичинде алган товарынан баш тартуу укугуна ээ. Бирок товар колдонулган болсо жана аны колдонуунун ачык белгилери байкалса, товардык көрүнүшү, фабрикалык этикеткасы сакталбаса, сатып алуучунун колунда товардык же кассалык квитанция же төлөмдү тастыктаган башка документ жок болсо, анда сатуучу кайтарып берүүдөн же алмаштыруудан баш тарта алат. Эгерде эки тараптын ортосунда келишпестик жаралып чыр чыкса жогорудагы мыйзамдын 17-беренесинин негизинде экспертизага кайрылуу керек болот. Анын жыйынтыгында чечим чыгат. Экспертиза Соода-өнөр жай палатасында оор техникалык каражаттарга 30 күн, жеңил буюмдарга 10 күн аралыгында жүргүзүлөт", — деди Батырканов.
Ал керектөөчүнүн укугу бузулса Монополия кызматынынын мекемесине келип же келүү мүмкүнчүлүгү болбосо antimonopolia.gov.kg расмий сайтына арыз менен кайрылса болорун кошумчалады.