Өлкөнүн айыл чарбасы боюнча бийликтин келечек планы жарыяланды

Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Өлкөнүн айыл чарба тармагы бир нече жылдан кийин кандай өзгөрөрүн министрликтен айтып беришти.
Буга чейин президент агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча жарлыкка кол койгон. Анын негизинде Айыл чарба министрлиги беш багыт боюнча планын иштеп чыккан.
Урунттуу учурлары:
2028-жылга чейин 106 бассейн жана суу сактагычтарды куруу. Бул сугат жердин аянтын 223,7 миң гектарга көбөйтүүгө мүмкүндүк берет;
2028-жылга чейин сапаттуу үрөн менен камсыз кылууну 30 пайызга чейин жеткирүү;
2030-жылга чейин айыл чарба экспортун эки эсеге көбөйтүү;
эл аралык стандарттарга ылайык келген 20 соода-логистикалык борбор жана 20 касапкана түзүү;
2030-жылга чейин калкты негизги тогуз азык менен толук камсыз кылып, эл аралык стандарттар менен иштеген ишканалардын санын эки эсеге көбөйтүү. 650 балык өндүрүшүн түзүү жана балыктын экспортун 105 миң тоннага чейин жеткирүү;
2040-жылга чейин айыл чарба продукциясынын жарымын кайра иштетүү.
ЕАЭБдин реестри Кыргызстандын 59 ишканасы менен толукталды