3-сентябрга карата аба ырайы

3-сентябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. 3-сентябрь, шейшембиде, күндүз тоолуу райондордо жаан жаашы күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +22...+27, Талас жергесинде +19...+24, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +26...+31, Ысык-Көл облусунда +17...+22, Нарын өрөөнүндө +18...+23 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +25...+27, Ош шаарында +29...+31 градус жылуу болот.
Иран — Кыргызстан футбол оюну "Ала-Тоо" аянтындагы жаңы LED экрандан көрсөтүлөт