Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лукашенко Зеленскийдин көзүн ким тазалашы мүмкүн экенин айтты

Президент муну менен катар эле АКШда бийлик алмашкандан кийин Украина менен түзүлгөн келишимдерден баш тартышы мүмкүндүгүн Зеленскийге эскертип, өз ара кызыкчылыктын негизинде мамиле түзүүгө чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Беларусь лидери Александр Лукашенко Украинанын Коргоо министрлигинин Чалгындоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Кирилл Буданов* Владимир Зеленскийди жок кылдырып коюшу мүмкүндүгүн "Россия" телеканалына интервью берип жатканда айтканын РИА Новости жазды.
"Эгерде буга чейин эмне менен алектенгениң белгисиз болуп саясатка келсең, демек, ага сен даяр эмессиң. Сага акча берип, Англиядан "бош турган үй бар экен, буга сатып ал" дешти. Ал балдары, Алена (Зеленскийдин жубайы Елена — ред.) менен кубанып ошол жерде болот. Сен ал жакта сүйүнбөй эле өз элиңдин саткыны болосуң. Акыры Кирилл Буданов* бирөөнү жиберет да, саткын катары көзүн тазалайт. Мындай нерсени да четке какканга болбойт", — деген Беларусь лидери.
Президент муну менен катар эле АКШда бийлик алмашкандан кийин Украина менен түзүлгөн келишимдерден баш тартышы мүмкүндүгүн Зеленскийге эскертип, өз ара кызыкчылыктын негизинде мамиле түзүүгө чакырган. Лукашенконун айтымында, Киев бийлигинин башчысы муну "түшүнбөйт", акылы жетпейт.
Өткөн аптада Россиянын Тышкы чалгын кызматы АКШда Зеленскийди сөз уга турган жана коррупцияга аз малынган адамга алмаштырууну карап жатышканын билдирген. Ведомство америкалык элитага анын Украинанын чегинен тышкары кырчылдашуу кооптуулугун жарата турган, ойлонулбай жасаган кадамдары жакпай турганын билдирген.
Мындай жагдайдан улам Ак үйдүн администрациясы Киев режими башчынын кадырын төмөндөтүп, кызматтан кетүүгө мажбур кылчу ири маалыматтык кампанияны жасашы мүмкүндүгү айтылууда.
Зеленскийдин президенттик мөөнөтү 20-майда бүткөн. Украинанын президентин шайлоо 31-мартта, ал эми жаңы шайланган президенттин инаугурациясы майда болушу керек эле. Шайлоону учурдагы согуштук абал жана жалпы мобилизация шылтоосу менен токтотуп коюшкан. Киев режиминин башчысы бул маселеге чекит коюлушу керектигин айтып, азыр "шайлоо өткөрчү убак" эместигин белгилеген.
РФ лидери Владимир Путин Зеленскийдин бийлигинин мыйзамдуулугун эч кандай айла-амал менен калыбына келтирүүгө болбостугун билдирген. Анын айтымында, Украинадагы мыйзамдуу бийлик Жогорку Рада жана анын спикери.
* Росфинмониторингдин террорчулар жана экстремисттер боюнча тизмесине кирген киши.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ чалгынчысы Киевди көзөмөлдөп, Зеленскийди өлүм менен коркуткандарды атады