Путин: Россия менен Азербайжан мунай танкерлерин бирге курат

РФ президенти бул кемелер дүйнөлүк рынокту энергетикалык ресурстар менен камсыз кылууну бир топ жогорулатарын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Россия менен Азербайжан мунай танкерлерин бирге курат. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин азербайжандык кесиптеши Ильхам Алиев менен сүйлөшүүсүнөн кийин билдиргенин РИА Новости жазды.
Путиндин айтымында, Россиянын Бириккен кеме куруу компаниясы менен Баку кеме куруучу заводу мунай заттарын ташуу үчүн заманбап дарыя-деңиз танкерлерин чыгара башташат. Президент бул кемелерди Азов-Кара деңиз жана Каспий багыттарында пайдалануу дүйнөлүк рынокту энергетика ресурстар менен камсыз кылууну бир топ жогорулатарын белгиледи.
Өлкө лидерлери биргелешкен билдирүүсүндө соода-экономикалык кызматташууга жогору баа берип, мындан аркы өнүгүүнүн негизги багыттарын аныкташты.
РФтин вице-премьер-министри Александр Новак Москва менен Баку мунай-газ багытында жаңы долбоорлорду, анын ичинде Каспийдеги долбоорду карап жатканын билдирди.
Сүйлөшүүлөр борбор калаадан 40 чакырым алыстыкта жайгашкан, Азербайжан президентинин расмий резиденциясы — "Загульба" сарайында өттү. Путин Бакуга эки күндүк мамлекеттик сапар менен бир күн мурун келген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лукашенко: сүйлөшүүгө макул болбосо Украина биротоло жок болот