Репрессия курмандыктарынын сырын ачкан Бүбүйра Кыдыралиева көз жумду

Кыдыралиева кыргыз коомчулугуна Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов, Жусуп Абдырахманов сыяктуу репрессия курмандыктарынын кайда көмүлгөнүн айтып берген.
Sputnik
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Репрессия курмандыктарынын сырын ачкан Бүбүйра Кыдыралиева 96 жаш курагында көз жумду. Маалыматты айылдаштары тастыкташты.
Алардын айтымында, сөөк Бишкектен Бир-Булак айылына бүгүн жеткирилген.
Кыдыралиева кыргыз коомчулугуна Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов, Жусуп Абдырахманов сыяктуу 1938-жылдагы репрессиянын курмандыктарынын кайда көмүлгөнүн айтып берген.
Кыргыздын саясий жана коомдук ишмерлери репрессияга кабылып атууга кеткенде ал 10 жашта болгон. Бул трагедиялуу сырды ага атасы кийин коомчулукка айтууну керээз катары калтырып кеткен.
Кийин бул ишти Кыдыралиеванын айтып берүүсү менен КГБнын кызматкери Болот Абдрахманов Чоң-Ташта көмүлгөн кыргыз интеллигенциясынын каймактарынын жаткан жерин иликтеп чыгып, коомчулукка дайын болгон. 2000-жылы ал жерде "Ата-Бейит" мемориалдык музейи түптөлгөн.
Кандуу кара келтектин курмандыктарын кучагына алган "Ата-Бейит". Архивдик сүрөттөр