Сүрөтчү өз эмгегин сата билиши керек. Картиналары дүйнөгө тараган сүрөтчү менен маек

Sputnik
“Менин жакшы жашоону сүйгөн мүнөзүм талантымды такшалтып, акча табууга алып келди”, дейт бүгүнкү “Кеменгер” программасынын коногу Азиз Сулайманов. Ал өзүнүн колунан жаралган эмгектери дүйнөгө тарап жатканын сүрөтчүлүк өнөрүн азыркы жашоо ыргагыга айкалыштыра алганы менен түшүндүрөт. Сүрөтчүлүк искусствонун өзүнчө бир сырдуу катмарындай сезилет. Ал эми Кыргызстанда бул багытка болгон сүйүү анчейин деле өнүкпөгөнүн айтып, ага бир эсе сүрөтчүлөрдүн өзүндө маселе жатарын белгилейт. Жараткандан берген талантпы же сүрөтчүлүк өнөрбү? Канткенде калктын калың катмары искусствонун бул тармагын да кенен түшүнүп, сүрөтчүлөргө болгон суроо, талап күчөйт? Эмнеликтен сүрөтчүлөр өз эмгектерин акчага сатканды жактыра беришпейт? Негизи эле алардын жараткан эмгектери кандай бааланышы керек?
Биз сүрөтчүлүктү кесип кылып алган бир таланттын мисалында бул керемет дүйнөнү ичинен түшүнгөнгө аракет кылып көрдүк.