ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тышкы карызы. Инфографика

Евразиялык экономикалык биримдиктин 2024-жылдын биринчи кварталына карата тышкы карызы 55 миллиард долларга кыскарды. Бул туурасында ЕЭКтин маалымат кызматынан кабарлашты.
Sputnik
Пайыздык көрсөткүч менен алганда өткөн жылга салыштырмалуу быйыл көлөмү 9,4 пайызга аз чыкты. Эгерде былтыр 1-апрелге карата сырткы бересе 583 миллиард доллар болсо, быйылкы жылдын ошол мезгили менен алганда 528 миллиардга түшкөн.
Эске салсак, Кыргызстандын тышкы карызы 2024-жылдын май айынын соңуна карата алынган маалыматтарга таянсак, 4 миллиард 540,84 миллион долларды түзөт.
Ал эми ЕАЭБ алкагында сандарга үңүлүп карай келгенде, бересе Беларусь менен Россияда азайган. Ал эми калган үч мамлекетте — Арменияда (6,4 пайыз), Казакстанда (0,3 пайыз), Кыргызстанда (7,3 пайыз) өскөн.
Евразиялык экономикалык биримдик — 2015-жылдан бери иштеп келе жаткан эл аралык интеграциялык экономикалык уюм. Ага Кыргызстан, Россия, Армения, Беларусь, Казакстан мүчө.