Оштун борбордук стадионунда 75,8 млн. сомго оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт

Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадион былтыр эле 20 миллион сомдон ашык каражатка реконструкцияланган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Ошто Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадионунда 75,8 миллион сомго оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт.
Тиешелүү тендерди Ош мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы мамлекеттик сатып алуулар сайтына жайгаштырды.
Андагы маалыматка караганда, стадионго ФИФАнын талабына ылайык гибриддик көк майсан жана чуркоо аянтчасына резина төшөлөт. Коротула турган каражаттын суммасы 75 миллион 786 миң 742 сом. Арыздар 12-июлга чейин кабыл алынат. Ал эми ишти аткаруу мөөнөтү катары 65 жумушчу күн көрсөтүлгөн.
Эске сала кетсек, аталган стадион былтыр 20 миллион сомдон ашык каражатка реконструкцияланган. Бул аренада адатта Оштун "Алай" клубу оюндарды өткөрөт.
Жашыл майсаң, отургучтар жаңыртылат. Бишкектеги стадион реконструкцияланууда