Радио

Султангазиева: китепканаларда окурмандардын саны өсүп жатат

Касымалы Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасынын директору Роза Султангазиева китепканалар электрондоштурулуп жатканын айтты.
Sputnik
Китепканада балдар үчүн "Жылдын мыкты окурманы", "Эң көп келген бала" өңдүү наамдар, белектер даярдалган. Китепканага күнүнө 1-1,5 миң окурман келип турат. Бул тууралуу Роза Султангазиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Касымалы Баялинов атындагы китепкана жаштарга эле эмес, кенже курактагы балдардан баштап, улгайган окурмандарга чейин кабыл алат.
"Учурда китепканаларда өзгөрүү бар. Замандын талабы менен санариптештирүүгө, электрондук форматка да өтүп жатабыз. Мурункудай окурманга китепти тапшыртып коюп эле отуруп калган заман кетти. Азыр техника өнүгүп жатканына байланыштуу атаандаштык деген түшүнүк бар. Жаңы китептер азыр окурмандар окуй турган, суроо-талап жогорулаган китептер менен толукталышы керек. Муну менен катар ар кандай компьютердик жабдыктар менен камсыздалышы зарыл. Эң биринчиден, сейрек кездешкен китептерибизди электрондук форматка өткөрүү менен окурмандарды оперативдүү түрдө тейлөөгө жетишебиз. Учурда заманбап шартка көнүп калган балдардын арасында китепканага отургусу келбегендери да бар. Аларга дароо керектүү маалыматын таап берүүгө аракет кылабыз. Балдар жайнаган китептердин арасынан бозомтук китептерге көп көңүл бурбайт. Кызыл-тазыл, көздүн жоосун алган китептерди карашат. Кенже балдар сүрөттүү китептерди карашат. Ошондуктан биз да китеп фондун жаңылоодо ушуларга басым жасайбыз. Жаштар технологияларга, ар кайсы тилдеги адабияттарга, чыгармаларга кызыгат. Азыр аймактарда окурмандардын саны өсүп жатканы байкалууда", — деди Султангазиева.
Ал кандай техника өнүккөн заман болбосун китеп эң бийик жерде турарын кошумчалады.