Радио

Малаев: кеспей жасаган операциянын да кооптуу жактары бар

Кардиолог, радиолог, мединица илимдеринин кандидаты Дастан Малаев эндоваскулярдык операция скальпелсиз жасалгандыктан бейтап калыбына келүү процессин жеңил көтөрөрүн айтты.
Sputnik
Эндоваскулярдык операция же болбосо кеспей жасалчу операция кан тамыр оорулары, инфаркт, инсульт алган кездерде жасалат. Анда атайын тетикти кан тамырга сойлотуп, туруп калган тромб алып салынат. Бул тууралуу Дастан Малаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган ыкмадагы операцияны биздин дарыгерлер мээге дагы жасай башташты.
"Эндоваскулярдык оперциянын медицинада пайда болгонуна 40-50 жыл болуп калды. Кыргызстанга келгенине деле ондогон жылдын жүзү болгону менен азыркыга чейин адистер жетишсиз. Ошондуктан да арзан эмес операцияларга кирет. Бирок кесип жасаган ыкмага караганда бейтаптын ден соолугу үчүн абдан эле жакшы. Анткени калыбына келүү убактысы кыска, кан кетүү, илдет жуктуруп алуу коркунучтары жокко эсе. Организмди даярдоо шарттары да жеңил, наркозсуз жасалгандыктан биз бейтаптар менен тамашалашып, сүйлөшүп турабыз. Бир гана коркунучтуу жагдайы — нур болгондуктан нурга какталып калуу ыктымалы бар. Мындай менин тажрыйбамда бир гана ирет болгон. Анда операция абдан узак, 6-7 саат жасалгандыктан бейтаптын көкүрөгүндө кийин жара пайда болгон. Изилдеп чыксак теринин ошол жери нурга күйгөндөн келип чыккан жара экен, аны өзүнчө дарылаганбыз. Башка мындай учур каттала элек. Эндоваскулярдык операция жасап жаткан дарыгерлерди текшергенде көбүнүн көрүүсү бузулганы байкалган. Муну да ошол нурга байланыштуу болушу мүмкүн деп божомолдоп жатышат, азырынча так айтуу кыйын. Жылдан-жылга техника жакшырып, жабдууларыбыз да өзгөрүүдө, андыктан мындай кооптуулуктар барган сайын жоюлууда десек болот",— деди Малаев.
Дарыгер эндоваскулярдык операциядан соң бейтаптар 2-3 суткада үйүнө чыгып кадимки жашоосун уланта берерин кошумчалады.