Ала-Арча капчыгайынан буту сынган россиялык турист куткарылды

Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Ала-Арча капчыгайынан бутун кокустатып алган чет элдик турист куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ Аламүдүн районундагы Ала-Арча капчыгайында Россиянын 60 жаштагы жараны бутун сындырып алганы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине төрт куткаруучу жөнөтүлгөн. Алар аялды кол шаймандардын жардамы менен алып түшүп, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Учурда анын абалы канааттандыралык экени айтылды.
Аламүдүн капчыгайында жоголгон россиялык үч турист аман-эсен табылды