13-майга карата аба ырайы

13-майда өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Дүйшөмбүдө күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу райондорунда сел жүрүшү болжолдонду. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +23…+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +24…+29, Талас аймагында +22…+27, Ысык-Көл жеринде +18…+23, Нарын өрөөнүндө +17…+22 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +25…+27, Ош шаарында +26…+28 градуска чейин көтөрүлөрү айтылды.
Жаан токтобойт. Келерки аптага карата аба ырайынын божомолу