Кытайдын ТВЕА компаниясы ТЭЦтин эки блогунда оңдоо иштерин жүргүзөт

Кытайлык адистер тажрыйбасы менен да бөлүшмөкчү.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Кытайдын ТВЕА компаниясы адистерин ТЭЦтин эки блогунда оңдоо иштерин жүргүзүүгө жиберет. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.
1 / 2

Кытайдын ТВЕА компаниясы адистерин ТЭЦтин эки блогунда оңдоо иштерин жүргүзүүгө жиберет

2 / 2

Министр Таалайбек Ибраев менен ТВЕА компаниясынын төрагасы Чжан Син ТЭЦте жолугушкан

Министр Таалайбек Ибраев менен ТВЕА компаниясынын төрагасы Чжан Син ТЭЦте жолугушкан. Алар ЖЭБдин модернизацияланган бөлүгүндө электр жана жылуулук энергиясын долбоордук деңгээлге чейин жогорулатуу маселесин талкуулашкан.
Ошондой эле жыйындын алкагында ТВЕА ишканасы өз адистерин ТЭЦтин кызматкерлерин окутууга, мындан тышкары, №3 жана №4 блоктордо оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн жибере турганын макулдашышкан.
Буга чейин TBEA Бишкек жылуулук электр борборун 386 миллион долларга модернизациялаган. Иш чуу менен коштолуп, сот бир катар саясатчыларды жана кызмат адамдарын коррупция боюнча күнөөлүү деп тапкан.
ТЭЦтен чыккан күлдү кайра иштетүүчү Чүйдөгү завод августта ишке кирет