Карлсон: адилеттүү шайлоодо Байден жеңишке жетпейт

АКШда президенттик шайлоону өткөрүү ушул жылдын ноябрь айына белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Эгерде АКШдагы кезектеги президенттик шайлоо адилеттүү өтө турган болсо Жозеф Байден жеңишке жетпейт. Бул тууралуу журналист Такер Карлсон эфирде билдирип, ал видео Х социалдык тармагына жайгаштырылганын "Известия" жазды.
Журналист Америка лидеринин АКШ Конгрессинин Сенаты менен Өкүлдөр палатасынын алдында сүйлөгөнү боюнча пикирин билдирген.

“Адилеттүү шайлоодо Жозеф Байден жеңишке жетпейт. Ал ноябрда утулуу ызасын тартат, жеңе албайт", — деген.

Карлсондун айтымында, америкалык ЖМКлар бул тууралуу ачык жазууну каалашпайт. Ошондой эле журналист Байденди АКШны чет өлкөдөгү дагы бир согушка жетелеп барды деп айыптаган. Журналист “Вашингтон мындай кадамга чет элдиктердин кызыкчылык-талабынан улам барууда” деп белгилеген.
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп да Байдендин саясаты өлкөнү оор кырдаалга – чоң инфляцияга кептегенин билдирген. Ал Байдендин Конгресске кайрылууларынын баарын "улутту шылдың кылуу" деп сыпаттаган.
CBS News жана YouGov компанияларынын сурамжылоолорунун натыйжасы АКШнын жарандарынын 61 пайызы коомчулук бөлүнүп-жарылып кеткен деп эсептей турганын, 45 пайызы өлкө чөгүп баратат деп ойлошорун көрсөткөн. Дагы 37 пайызы Америка алсыз деп билдирген.
Ушул жылдын 21-февралындагы сурамжылоолорго катышкандардын 70 пайызы Байден кайра шайлануу үчүн жашы өтүп калды деп билдиришкен. Ал эми 57 пайызы Байдендин негизги атаандашы боло турган Дональд Трамптын жаш курагы төрт жыл президент болууга мүмкүндүк берет деп жооп беришкен.
АКШдагы кезектеги 60-президенттик шайлоо ушул жылдын 5-ноябрында өтөт деп пландалган. Эгерде анда азыркы президент утулуп калса такка өлкөнүн 47-президенти келет. Август-сентябрь айларында партиялардын съезддери өтөт, анда ар бир партиядан бирден талапкерлер бекитилет. Жыйынтыктоочу этап – ноябрдагы добуш берүү болот.
АКШ Конгрессинде Байденди бийликтен четтетүү боюнча резолюция даярдалууда