Бир класста 55 окуучу. Министр көйгөйдү чечүүнүн жолун айтты

Кендирбаева мамлекет менчик мектептерди ачууга да шарт түзүп бериши керектигин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Толуп калган класстар үчүн мектеп директорлорун жазалоодон маселе чечилбейт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева парламентте билдирген.
Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев бир класста канча бала окушу керектигин сурап, эгер бир класста 55 окуучу болсо, мугалим ар бирине канча мүнөт бөлүшү керектигин сураган. Кендирбаева шаардагы мектептерде бир класста 30дан, айыл жерлеринде 15тен ашпаш керектигин белгиледи.
"Биз бул үчүн мектеп жетекчилерин жазаламакпыз. Бирок балдар барчу башка мектеп жок. Бул көйгөйдү мектептердин санын көбөйтүп гана чечсе болот", — деген ал.
Кендирбаева мамлекет менчик мектептерди ачууга да шарт түзүп бериши зарылдыгын кошумчалаган.
"Керек болсо жер берип, шарт түзгөнү оң. Эгер мамлекеттик-менчик өнөктөштүк принциби өнүксө бизге да жеңил болмок. Шаарда жана шаарга жакын аймактарда бул маселе курч бойдон турат", — деген ал.
Радио
Психолог баланы үйдүн жанындагы мектепте окутуунун пайдасын айтып берди