Бир күндө канча курма жеш керек. Диетологдун түшүндүрмөсү

Аталган жемиштин курамында йод, темир, магний, калий, кальций, фосфор, марганец элементтери, А, Е, С витаминдери, бета-каротин жана пектин бар.
Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Кеч күз – курма тегиз бышкан мезгил. Диетолог Наталья Круглова анын курамындагы пайдалуу заттарды организмге туура алуу үчүн күндө канчаны жеш керектигин Sputnik радиосуна айтып берди.
"Курмада жөнөкөй углеводдор абдан көп, ошол эле учурда тамак-аш буласын, сууну да камтыгандыктан туура өлчөмдө жесе зыяны жок. Албетте, ар бир адам үчүн курманын күнүмдүк ченеми ар кандай. Орто эсеп менен айта турган болсок, киши бир күндө орточо көлөмдөгү эки-үч даанасы жесе зыяны болбойт. Бул өлчөм саламаттыгы чың адамдар үчүн ылайыктуу. Айрым илдеттен жабыркагандар, мисалы, кант диабети барлар, углевод заттарын сиңирүүсү бузулган адамдар азыраак жегени оң. Себеби көп болгондо кандагы канттын деңгээли көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Орточо ченемди азайтуу аллергиясы барларга да сунушталат", – деген Круглова.
Курманын курамында йод, темир, магний, калий, кальций, фосфор, марганец элементтери, А, Е, С витаминдери, бета-каротин жана пектин бар. Мындан улам аталган жемиш адамдын калкан бездеринин иштешине оң таасирин берет, артериялык кан басымды төмөндөтөт, борбордук нерв системасынын, булчуңдардын чыңалбай турушун, кан тамырлардын спазмдарын жөндөйт. Холестериндин деңгээлин түшүрүп, көздүн көрүүсүн, ичеги-карындын иштешин жакшыртат.
Иммунолог баланы грипптен кантип сактоонун жолдорун айтып берди