Көлбаевдин тажиясына барган. Ташиев Түмөнбаевди жоопко тартпаган себебин айтты

Атайын кызматтын башчысы мындан ары эч кимди аябай турганын эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев эмне үчүн Көлбаевдин тажиясына барган депутат Акылбек Түмөнбаевди жоопко тартпай жатканын түшүндүрдү.
Анын айтымында, азырынча эл өкүлүнүн кримтөбөл менен байланыштары чыга элек, чыккан эле күнү кылмыш ишин козгоп, чара көрүлөт. Кимде ушуга байланыштуу маалымат болсо беришин сурады.
“Ал бүгүн эле барып мандатын тапшыртып же иштен кууп жибере турган адам эмес экен. Аны эл шайлаган. Эгер Акылбек Түмөнбаевдин ордунда кайсы бир чиновник болгондо бир сааттан кийин жумуштан алдырмакмын. Уят-сыйытына коёлу. Өзү кетип калса жакшы болот, иштейм десе аны да өзү билсин”, — деди Ташиев.
Атайын кызматтын башчысы мындан ары эч кимди аябай турганын эскертти.
Ташиев: Көлбаев менен да, Матраимов менен да сүйлөшкөнбүз, тил албай коюшту