БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, иш сапары менен Сауд Арабия Падышалыгына барды. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлады.
Мамлекет башчыны ханзаада Мохаммед бин Абдуррахман бин Абдель Азиз - Эр-Рияддын губернаторунун орун басары тосуп алган.
Эскерте кетсек, президент иш сапарынын алкагында Ислам кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин кезексиз Ислам саммитине катышат. Анын жүрүшүндө Палестина-Израиль жаңжалын талкуулоо пландаштырылууда.