Ошто "Жапалак" унаа сатуу жайы кеңейтилип, заманбап базарлар пайда болот

Демилге кийинки жылы ишке ашары күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. "Жапалак" унаа базары кеңейтилип, анын айланасындагы 36 гектар жердин багыты коммерциялык максатка өзгөртүлүп, трансформацияланып, мамлекеттик актысы алынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул жерге бардык талаптарга жооп берген, заманбап шарты менен жашылча, мөмө-жемиш жана унаа тетиктери базарын ачуу пландалууда. Аны менен катар муниципалдык унаа сатуучу жайга дагы кошумча жер бөлүнүп, унаа токтоочу жайлар салынат.
1 / 3

"Жапалак" унаа базары кеңейтилип, анын айланасындагы 36 гектар жердин багыты коммерциялык максатка өзгөртүлүп, трансформацияланып, мамлекеттик актысы алынды

2 / 3

Маалыматка ылайык, бул жерге бардык талаптарга жооп берген, заманбап шарты менен жашылча, мөмө-жемиш жана унаа тетиктери базарын ачуу пландалууда

3 / 3

Аны менен катар муниципалдык унаа сатуучу жайга дагы кошумча жер бөлүнүп, унаа токтоочу жайлар салынат

Калаа мэри Бакытбек Жетигенов тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, адистер менен биргеликте базардын жайгашуу долбоорун болжолдуу аныкташкан.
"Долбоорду ишке ашыруу менен бирге эле унаа тыгындарын жоюу жана болтурбоо максатында "Жапалак" унаа базарына чейин альтернативдик жаңы кошумча жолдорду ачуу сунушталды. Шаар башчысы пайдаланылбай турган, ачууга мүмкүн болгон жолдорду көрүп чыкты. Кошумча жолдорду ачуу менен Ош — Араван жолундагы унаа тыгынын алдын алып, маселе чечилет", — деп айтылат маалыматта.
Калаа башчысы бул боюнча Ош шаардык архитектура жана жолдор башкармалыгына толук долбоорлоо иштерин даярдап бүтүрүү тапшырмасын койду. Демилге кийинки жылы ишке ашары күтүлүп жатат.
Ошто 31 мектептин жерине тойкана, үй, дүкөн салынып кеткен. Мэрия кайтара баштады