Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Батыштын кадамдары Зеленский үчүн жакшы сабак болду

Эгер бир жыл мурун өткөн жыйындын коммюникесинде Украинанын НАТОго кирүү мүмкүнчүлүгү каралса, G20нын бул билдирүүсүндө россиялык агрессия тууралуу эч сөз жок.
Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Владимир Зеленский батыш саясатчыларын сындагандан көрө ыраазычылык билдиргени оң экенин акыры түшүндү. Бул тууралуу New York Times баяндамачысы Эндрю Крамер жазганын RT кабарлады.
Журналист батыш саясатчылары Зеленскийге көбүрөөк ыраазычылык айтып турууга кеңеш беришкенин белгилеген.
"Зеленский баарын туура түшүнгөн сыяктуу", — деп жазды Крамер.
Макалада Зеленскийдин АКШга болчу сапарынын негизги максаты эми "президентке, Конгресске жана Америка элине чоң ыраазычылык жолдоо" болору айтылат.
Эскерте кетсек, жакында эле G20 саммити өткөн. Анда Украинадагы болуп жаткан окуяларды токтотуу үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоо чакырыктары жаңырып, "украин тарап ийгиликке жете албай турганы" айтылган. Эгер бир жыл мурун өткөн жыйындын коммюникесинде Украинанын НАТОго кирүү мүмкүнчүлүгү каралса, G20нын бул билдирүүсүндө россиялык агрессия тууралуу эч сөз жок.
Мындай жагдайдан улам Зеленский "ачууга алдырып", Рим папасын, Кытайды, эми G20 мамлекеттерин душмандарынын тизмесине киргизген.
Зеленский Украина данын импорттоого тыюу салган коңшу өлкөлөрдү кекетти