Бишкекте алгачкы жолу сурдо спорту боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө. Мелдеш эркин жана грек-рим күрөшү дисциплиналары боюнча уюштурулат. Бул тууралуу Жоомарт Шамканов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда дүйнө биринчилигин өткөрүүгө толук даярданды.
"Бишкекте алгачкы ирет угуусу, көрүүсү начар спортчулардын күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Турнир 2-12-сентябрь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында болот. Балбандар жаштар, кадеттер жана чоңдор категориясы боюнча беттешке чыгат. Буга чейин өлкөнүн тарыхында Азия — Тынч океан сурдо биринчилиги уюштурулуп келген. Негизи мындай ири иш-чаранын бизде өтүшү өлкөнүн кадыр-баркынан кабар берет. Мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар болгондуктан бардык тиешелүү талаптар каралып, ыңгайлуу шарттар түзүлдү", — деди Шамканов.
Ошондой эле адис Кыргызстанда параспортко өзгөчө көңүл бурулушу керектигин кошумчалады.
Белгилей кетсек, чемпионатка жалпысынан 13 өлкөдөн 250 спортчу катышат. Тагыраагы, Өзбекстан, Казакстан, Иран, Армения, Түркия, Монголия, Литва, Эстония, АКШ, Болгария, Ирак жана Украинадан келишет. Ал эми Кыргызстандын намысын 16 балбан коргойт.