1-сентябрда Жапаров менен Путин россиялык үч мектептин курулушуна старт берет

Путин иш-чарага видеобайланыш аркылуу катышмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Эртең, 1-сентябрда, мамлекет башчы Садыр Жапаров менен Россиянын президенти Владимир Путин россиялык үч мектептин курулушуна старт берет. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматы кабарлады.
Президенттердин видеобайланыш аркылуу Бишкек, Баткен жана Караколдогу мектептердин курулушун баштоого старт беришери айтылды.
Ошондой эле Путин видеобайланыш форматында РФтин беш аймагында жаңы жалпы билим берүү мекемелеринин ачылыш аземине катышат.
Буга чейин Россия Кыргызстанга 9 мектеп куруп берери айтылган. Алардын биринчилери 2025-жылы ишке берилери күтүлүүдө.
Жыл сайын үчтөн мектеп салынып турат. Тогуз мектептин баары бирдей стандарт менен курулат. Ар бирине кеминде үч гектардан жер бөлүнгөн. Бир мектепти куруунун болжолдуу баасы 500 миллион рубль.
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады