Кыргызстанга электромобилдерди алып келүүгө жеңилдик берүү 2 жылга узартылды

Кийинки жылы 15 миң автокөлүккө чейин жеңилдетилген шартта ташып келүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Кыргызстанга электр кубаты менен жүргөн темир тулпарларды алып келүүгө бажы алымдарынан бошотуу боюнча каралган жеңилдиктердин мөөнөтү дагы эки жылга узартылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин электромобилдерди ташып келүүдө бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу менен 2022-жылы тарифтик квота 5 миң жана 2023-жылга 10 миң даана бөлүнгөн.
Экономика министрлиги жеңилдик мөөнөтүн дагы эки жылга узартууну Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешине сунуштап, колдоо тапкан.
Ага ылайык, 2024-жылга 15 миң жана 2025-жылга 20 миң темир тулпарга квота берилип, электромобиль бажы алымдарын төлөөдөн бошотулмай болду.
Бийлик салык карызынын айып пулун 50% жеңилдик менен төлөсө болорун эскертти