КРде кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөөдө салынчу айыпты алып салуу сунушталууда

Азыркы норма боюнча, кредит алган адам насыяны алдын ала жаап салуу үчүн 30 күн мурда арыз жазышы керек. Ошондо комиссия кошулбайт.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Кыргызстанда кредиттерди мөөнөтүнөн мурда жабууда салынчу айып, комиссияларды алып салуу сунушталууда.
Улуттук банк былтыр жайында президент "Улуттук банк жөнүндөгү" жана "Банктар жана банктык ишмердүүлүк жөнүндөгү" конституциялык мыйзамга кол койгонун эске салды.
Анда мыйзам актыларын бул мыйзамдарга дал келтирүү боюнча сунуштарды даярдоо талабы жазылган. Буга байланыштуу мыйзам менен жарандык кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоор иштелип чыккан.
Азыркы норма
Кредит алган адам насыянын түрүнө карабастан каалаган учурда мөөнөтүнөн мурда жаба алат. Бир гана талап — бул тууралуу 30 күн мурун арыз жазуу керек. Белгилей кетсек, эреже сакталбаган учурда комиссия кошулат.
Сунушталып жаткан норма
Кредит алган тарап насыянын түрүнө карабастан каалаган учурда барып жаба алат. Бул үчүн комиссия, айып пул салынбайт.
Быйыл дыйкандар 3 миллиард сомго чукул арзандатылган насыя алды