Өзбек өкмөтү каржылаган Бабур театры реконструкциядан кийин ачылды. Сүрөт

Салтанатта манас айтылып, төкмө акындар эки элдин достугун даңазалап, кыргыз, өзбек ырлары жаңырды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Ош шаарында Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театры оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди.
1 / 6

Ош шаарында Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театры оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди

2 / 6

Ачылыш аземине Өзбекстандын маданият министри Озодбек Акматов, Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият министринин орун басары Кайрат Иманалиев, ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев, Ош мэри Бактыбек Жетигенов жана жергиликтүү жашоочулар катышты

3 / 6

Аталган театрды реконструкциялоо 2021-жылдын 5-сентябрында башталып, быйыл апрелде аяктаган

4 / 6

Ага өзбек өкмөтү 5 миллион доллар акча каражатын грант катары берген

5 / 6

Байсалов театрды оңдоого материалдык колдоо көрсөткөнү үчүн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге кыргыз элинин атынан ыраазычылык билдирди

6 / 6

Ошондой эле бул колдоо эки элдин достугун чыңдоого өбөлгө болоруна токтолду.

Ачылыш аземине Өзбекстандын маданият министри Озодбек Акматов, Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият министринин орун басары Кайрат Иманалиев, ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев, Ош мэри Бактыбек Жетигенов жана жергиликтүү жашоочулар катышты. Аталган театрды реконструкциялоо 2021-жылдын 5-сентябрында башталып, быйыл апрелде аяктаган. Ага өзбек өкмөтү 5 миллион доллар акча каражатын грант катары берген.
Байсалов театрды оңдоого материалдык колдоо көрсөткөнү үчүн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге кыргыз элинин атынан ыраазычылык билдирди. Ошондой эле бул колдоо эки элдин достугун чыңдоого өбөлгө болоруна токтолду.
"Мазарыбыз, базарыбыз бир элбиз. Ташкенттен келген делегацияга рахмат айтып, ыраазычылык билдиребиз. Театр жалпы кыргызстандыктарга кызмат кылат деген үмүттөбүз", — деди Байсалов.
Салтанатта манас айтылып, төкмө акындар Амантай Кутманалиев менен Азамат Болгонбаев эки элдин достугун даңазалап, кыргыз, өзбек ырлары жаңырды.
Сиздерди күтөбүз! Ош драма театрынын артисттери бишкектик көрүүчүлөрдү чакырды