Радио

Стоматолог кандай тиш щеткасын тандоо керектигин айтты

Борбор калаадагы стоматологиялык клиникалардын биринин директору Нургазы Каримов өтө жумшак тиш щеткасын колдонсо тиштер жакшы тазаланбай каларын айтты.
Sputnik
Тишти орто катуулуктагы щетка менен жуу сунушталат. Бул тууралуу Нургазы Каримов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тишти катуу щетка менен жууганда сөөк атрофиясына алып келет.
"Тиш жуугуч щетканы тандоо да ага кам көрүүдөгү маанилүү кадамдардын бири. Өтө кымбатын алып зарылчылык жок, ошол эле учурда эң арзанын да колдонбой эле койгон туура. Анткени сапатына кепилдик жок. Өтө кымбат эмес, орто катуулуктагы, кармаганга ыңгайлуу болгон щеткаларды эле алсаңыз болот. Бул тиштин ортолоруна тыгылган тамак-аш калдыктарын толук чыгарып салганга күчү жетет. Кээ бир адамдар жумшак щетка колдонгонду жактырышат. Тилекке каршы, өз тажрыйбамдан көрүп жүрөм, мындай щеткалар тишти таза жууй албайт. Жеген азыктарыбыздын калдыктары калып, тиштердин бузулуусун шарттайт. Ошол эле учурда өтө катууларын да колдонбой эле койгон дурус. Анткени алар тиштин бүйлөсүнүн качуусуна же болбосо медицина тили менен айтканда сөөк атрофиясы оорусуна алып келет",— деди Каримов.
Стоматолог жаш балдардын тиштерин чыккандан баштап эле жууп турууга кеңеш берди.