БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. АКШнын Мамлекеттин департаментинин кеңешчиси Дерек Шолле "Вагнер" тобу АКШ бийлигинин тынчын алып, мындан улам расмий Вашингтон топтун ишмердүүлүгүн жок кылуу боюнча иштеп жаткандыгын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости сербиялык "Блиц" гезитине шилтеме берип жазды.
"Бул топ Сербиядан жана башка өлкөлөрдөн аскерлерди жалдап жатканын билебиз жана буга тынчсызданып жатабыз. Андыктан аларды жок кылуу үчүн Белграддын өкмөтү жана бүткүл дүйнө менен биргеликте иштеп жатабыз", — деп айткан дипломат.
Шолленин билдирүүсү орус аскерлеринин Соледардагы ийгилигинен соң жасалган. Шаршембиде Россиянын Коргоо министрлиги аба-десанттык бөлүктөр Соледарды шаардын түндүк жана түштүк бөлүгүнөн тосуп алганын жана "Вагнер" тобунун негиздөөчүсү Евгений Пригожин Соледар толугу менен бошотулганын жарыялады. ДЭР башчысынын милдетин аткаруучу Денис Пушилиндин айтымында, эми Артемовскини бошотуу мүмкүнчүлүктөрү бир топ жакшырган.
Бугай чейин Politico гезити Америка өкмөтү "Вагнер" тобунун Европа менен Африкадагы операцияларынын кеңейишине тынчсызданып, ага каршы жаңы аракеттерди пландаштырып жатканын жазган.
"Вагнер" тобу 2017-жылы АКШнын Соода министрлигинин кара тизмесине киргизилген. Декабрда АКШ администрациясы ага карата экспорттук көзөмөлдү күчөтүп, бир катар товарларды жөнөтүүнү чектеген.