Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЦРУнун мурдагы башчысы АКШнын Украинага кийлигишкен себебин атады

АКШ Украинага 30 миллиард доллардан ашык колдоо көрсөткөнү белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. АКШ Украинадагы жаңжалга "дүйнөнүн алдыңкы державасы" деген позициясын сактап калуу үчүн кийлигишүүдө. Бул тууралуу ЦРУнун мурдагы башчысы, генерал Дэвид Петреус Fox News телеканалына берген маегинде билдирди.
Ал Украинадагы абалдан улам АКШнын биринчи болуу далалаты өзгөчө күч алгандыгын айткан.
"Украинаны колдоо өзгөчө Афганистандан аскерлер чыгарылгандан кийин өтө маанилүү болуп калды. Муну менен АКШ дүйнөнү башкара аларын жана башкарарын, буга каалоосу бар экендигин көрсөтүп жатат", — деген чалгын кызматынын мурдагы башчысы.
Генерал Петреус АКШ акыркы жыл ичинде Украинага 19 миллиард долларга бааланган аскердик жана 13 миллиард долларлык экономикалык колдоо көрсөткөнүн кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Global Times: НАТОнун жону жукарып Киевге курал жөнөтүүнү азайтат