Бишкектеги инвестициялык саммит

Министр Кожошев: бизнесмен досума жардам сунуштап күтүүсүз жооп алдым

Кожошев экономика министри болгондон кийин бизнести өнүктүрүү үчүн көптөгөн жакшы чечимдерди кабыл ала аларын түшүнгөнүн айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кыргызстандын мурдагы экономика министри Арзыбек Кожошев Бишкек шаарында өтүп жаткан инвестициялык саммитте ишкер досу менен болгон күтүүсүз баарлашуусун айтып берди.
Кожошев Экономика министрлигин 2015-2017-жылдары башкарып турган. Үстүбүздөгү жылдын жайынан бери Евразиялык экономикалык комиссиянын министрлик кызматын аркалап келет.
Ал экономика министри болгондон кийин бизнести өнүктүрүү үчүн көптөгөн жакшы чечимдерди кабыл ала аларын түшүнгөнүн айткан. Кожошев ишкерлерди чогултуп, аларга кандай жардам керектигин сураган.
"Бир досум туруп "бизге тоскоол болбогула" деп айтты", — деди Кожошев.
Министр ошондо мамлекет ишкерлерге жардам берүүнү каалап, бирок "көп жерден аша чаап кеткенин" түшүнгөнүн мойнуна алды.
"Ал кезде көптөгөн мыйзам актылары иштебей же бири-бирине карама-каршы келип, эң негизгиси, бизнеске тоскоолдук жаратчу", — деген Кожошев.
Бишкектеги инвестициялык саммит
ЕЭК: ЕАЭБ соодасынын багыты акыры Түштүк-Чыгыш Азияга бурулмак