Комуз, боорсок, гүл. Илхам Алиевди Кыргызстанда тосуп алган видео

Азербайжан президенти Илхам Алиев Кыргызстанга келип, аны мамлекет башчы Садыр Жапаров "Манас" аэропортунан тосуп алды.
Sputnik
Жогорку даражалуу мейман учактан түшөрү менен улуттук кийимчен кыздар ага боорсок ооз тийгизип, гүл беришкен. Аэропортко кызыл килем төшөлүп, аны бойлой Ардак кароол тизилген.
Андан соң президенттер имараттын ичине кирип, ал жактан атайын даярдалган концертке күбө болушкан. Кыргызстандын комузчулары күү чертсе, кыл кыякчы Азербайжан улутунун музыкасын аткарып берген. Мамлекеттик сапардын алкагында Кыргызстан менен Азербайжандын лидерлери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынына катышат.
Мындан тышкары, сапардын алкагында "Кыргызстан — Азербайжан достугу" сейил багынын, ошондой эле Гейдар Алиев жана Низами Гянжеви атындагы жалпы билим берүү мектептеринин ачылышы күтүлүүдө.