БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Херсон облусунда россиялык аскерлер Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн соккусунан улам жабыркаган Антонов көпүрөсү аркылуу Днепр дарыясына өткөрмө уюштурду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Украина жоокерлери 20-июль күнү Днепрден өткөн көпүрөнү америкалык HIMARS ракеталары менен аткылаган.
Оңдоо иштери учурунда сууга понтондуу паром кое берилип, адамдар менен техника ташылып жатат.