Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлүнө сөгүш жарыяланды. Себеби

Сөгүштү ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн жыйынында президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо бөлүмүнүн башчысы Айбек Жунушалиев жар салды.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров өзүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевге сөгүш жарыялады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Мындай чечим президенттин "КРде үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгын жетиштүү деңгээлде көзөмөлгө албаганы жана ишке ашырбаганы үчүн кабыл алынган.
Сөгүштү ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн жыйынында президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо бөлүмүнүн башчысы Айбек Жунушалиев жар салды.
Ал белгилегендей, жарлык ар кандай үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана башка иш-чараларды өткөрүүдө негизсиз чыгымдарды кыскартууга багытталган.
"Ар бирибиз үй-бүлөлүк майрамдарда жана маркумду акыркы сапарга узатуу ырым-жырымдарында негизсиз ысырапкорчулуктун зыяндуу экенин түшүнүшүбүз керек. Анын айынан көп жылдар бою карыз болуп жашашыбыз мүмкүн", — деди Жунушалиев.
Буга чейин президент Садыр Жапаровдун өлүм чыккан жерде ысырапкерчиликке жол бербөө боюнча жарлыгы жарыяланган. Максаты — жарандардын социалдык, экономикалык жашоо деңгээлин жогорулатуу. Ошондой эле диний ырым-жырымдарды, үрп-адаттарды жана коомдун руханий абалына терс таасирин тийгизүүчү башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорлукту алдын алуу.
Пресс-борбор
Теолог: ысырапкорлукту шарият жектейт, сөөк коюудагы чектөөгө каршы чыкпайлы