ЕАЭБдин лизинг боюнча Кыргызстанга арналган бизнес-миссиясы июнда өтөт

Иш-чаранын алкагында кыргыз-россиялык конференция, санарип трансформация жана "жашыл экономика" боюнча отурумдар болмокчу.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Лизингди өнүктүрүү боюнча ЕАЭБдин Кыргызстан үчүн бизнес-миссиясы июнда өтөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын (СӨП) маалымат кызматынан кабарлады.
Иш-чара 8-11-июнда Ысык-Көлдүн жээгинде Россия, Кыргызстан, Казакстан, Беларусь жана Армениянын расмий, каржылык уюмдарынын жана компанияларынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен болору айтылды.
Бизнес-миссиянын алкагында лизинг боюнча кыргыз-россиялык конференция, санарип трансформация (төлөм системаларынын жаңы өнүгүү багыты, электрондук коммерция ж.б.) жана "жашыл экономика" боюнча отурумдар болмокчу. Практикалык бөлүмдөр, анын ичинде "Лизинг алуучунун мектеби" өтүп, катышуучулар лизингде өз ара иштешүү, субсидиялар, төлөмдөр ж.б. курч суроолор боюнча практикалык кеп-кеңештерди алышат.
Аталган бизнес-миссияны "Лизинг-Евразия" эл аралык ассамблеясынын алкагында, РФтин Соода-өнөр жай палатасынын лизинг боюнча кичи комитети, Каржылык өнөр жай жана инвестициялык саясат боюнча кеңеши, "Лизингдик союз" уюму, Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги, Соода-өнөр жай палатасы уюштурууда.
Техника, транспорт, механизмдер... КРде былтыр лизингге кандай мүлктөрдү алышкан