Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин Буча тууралуу тараган маалыматтар боюнча оюн айтты

Россия лидери Сириядагы провокацияны эске салды. Путиндин айтымында, анда Асаддын өкмөтү химиялык курал колдонгону көрсөтүлүп, кийин ал фейк болуп чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бучадагы жай тургундардын өлүмү тууралуу маалыматтар Сирияда Башар Асаддын өкмөтү химиялык курал колдонгон деген маалымат сыяктуу эле фейк болуп саналат. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин билдиргенин РИА Новости жазды.
"Буча боюнча айтсам. Мен Батыш мамлекеттериндеги кесиптештерим менен бат-баттан сүйлөшүп турам. Алар "Буча" деп баштаганда эле мен алардан "Силер Раккада болдуңар беле? Дал ошол Сириядагы шаар АКШ авиациясы тарабынан жок кылынганын көрдүңөр беле?" деп сурайм. Ал жакта сөөктөр урандыларда айлап жаткан. Эч кимдин аны менен иши жок, эч ким байкаган да эмес. Анда Асаддын өкмөтү химиялык курал колдонгону көрсөтүлүп, кийин ал фейк болуп чыккан. Бучадагы маалымат дагы ошондой эле фейк", — деген Путин.
Эске салсак, украин бийлиги менен ЖМКлары Киевдин жака-белинде "орустардын кылмышы" тууралуу тартылган видеону тараткан. Аталган тасмада жолдо адамдардын сөөгү жатканы тартылган. Көргөндөр "сөөктөрдүн" колу кыймылдап, аскер техникасынын алдында калбоого аракет кылып жатканын байкашкан. Ал эми бир транспорттун күзгүсүнөн машина өтөрү менен туруп бараткан "маркумду" көрүүгө болот. Россиянын Коргоо министрлиги Украина бийлигинин Буча шаарындагы россиялык жоокерлердин "кылмышын" тастыктады делген материалы — кезектеги чагымчылык экендигин билдирген.
Аталган министрлик россиялыктар көзөмөлдөгөн аймакта бир дагы жергиликтүү тургун зордук-зомбулуктан жабыркабаганын белгилеп, аскер бөлүктөрдүн баары шаардан 30-мартта, Москва менен Киев өкүлдөрүнүн Стамбулдагы сүйлөшүүлөрүнөн кийин эле чыгып кеткенин эске салган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ Коргоо министрлиги: Украинанын атайын кызматы фейк видеолорду тарта баштады