Кыргызстандан ун, эт жана бир катар азыкты чыгарууга тыюу салынды. Тизме

Министрлер кабинети өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана базар баасын турукташтыруу үчүн чечим кабыл алды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Айрым айыл чарба азыктарын сыртка алып чыгууга (экспорт) убактылуу чектөө киргизилгендигин министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.
Мындай чечим өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана базар бааларын турукташтыруу максатында кабыл алынган.
Алты айлык мөөнөткө экспортко убактылуу тыюу салынган азык-түлүктөр (буга реэкспорт, транзиттик, ошондой эле министрлер кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардам кошулбайт):
ЕАЭБ аймагынан тыш буудай жана меслин, буудай уну, өсүмдүк майы, күнкарама уруктары, кумшекер, тооктун жумурткасы, инкубациялоо үчүн жумурткалар;
Кыргызстандын аймагынан тыш бодо малдын эти (жаңы же муздатылган, тоңдурулган), тоют (чөп, саман, аралаш тоют, кебек жана дан тоюту), арпа, сулуну экспорттоого тыюу салынды.
"Орто-Сай" базарында кумшекерди 85 сомдон саткандар текшерилди