БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Сомдун девальвацияланып, доллардын баасы жогорулаганына байланыштуу күйүүчү май Кыргызстанда дагы кымбаттайт. Бул тууралуу "Биринчи радиого" маек берип жатып Нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Канатбек Эшатов билдирди.
Анын айтымында, күйүүчү май импорттоо боюнча келишим доллар менен түзүлөт. Андыктан доллардын бир сомго көтөрүлүшү бензиндин литрин 60 тыйынга кымбаттатат.
"Бүгүнкү күндө доллар дээрлик 14 сомго жогорулап, баасы 98 сомго чыкты. Бул бензиндин баасын бир топ жогорулатып коёт. Негизи эле кымбаттоолор 2020-жылдын октябрынан бери токтой элек", — деди ал.
Эшатовдун билдиргенине караганда, мурда нефтинин баррели 40 доллардан ашпаса, учурда 110 доллардан кымбат сатылууда.
"Мындай болуп көргөн эмес. Соңку ирет азыркыдай жогорку баалар сегиз жыл мурда катталган. Андыктан Кыргызстандын Россиядан күйүүчү майды пошлинасыз алып жатканы баага таасир эте албай калды", — деди адис.
Учурда Кыргызстанда АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 61,5 сомго чейин, А-95 үлгүсүндөгү бензин 65,5 сомго чейинки баада сатылууда.