Муртазалиев Абдурахманхаджи Шамильевич — өмүр баяны

Абдурахманхаджи Муртазалиев 1994-жылы 30-июлда Бишкек шаарында туулган. Жогорку билимдүү.
Sputnik
2017-жылы К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин финансы жана кредит факультетин "экономист" адистиги боюнча бүтүргөн. 2020-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын "дене тарбия" адистиги боюнча аяктаган. Ошол эле жылы Россиянын элдик чарба жана мамлекеттик башкаруу академиясынын кадрларды башкаруу жана кадр кызматы факультетине тапшырган.
Эмгек жолу:
2012 ― Кыргызстандын Жиу-житсу федерациясын негиздеген;
2015 ― Азия жиу-житсу ассоциациясынын спорттук комиссиясынын мүчөсү;
2019 ― Кыргызстан элинин ассамблеясынын жаштар канатынын мүчөсү;
2021 ― Улуттук Олимпиада комитетинин мүчөсү.
Абдурахманхаджи Муртазалиев жиу-житсу боюнча өлкөнүн эмгек сиңирген спорт чебери, грэпплинг боюнча Кыргызстандын эл аралык класстагы спорт чебери, көптөгөн ири эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.